Суроолор жана жооптор

Фольктон ким зайым ала алат?
Зайымды жашы 22ден 60ка чейинки Кыргыз Республикасынын каалаган жараны ала алат
Кредитти кандай валютада алса болот?
Бардык зайымдар сом менен берилет.
Кредитке кандай сумманы алса болот?
Зайымдар 20 минден 1 млн. сомго чейинки суммада берилет.
Кирешени ырастоо талап кылынабы?
Ооба, туруктуу киреше болууга тийиш. Кирешени документтер менен ырастоо керек (киреше тууралуу маалым кат/патент/ЖИ күбөлүгү)
Кандай камсыздоо талап кылынат?
  • 50 000 сомго чейин – бир кепилдик берүүчү.
  • 100 000 сомго чейин – эки кепилдик берүүчү.
  • 100 000 сомдон жогору – камсыздоо кыймылдуу (авто) же кыймылсыз мүлк (жер участогу, турак үй же батир).
  • Автотранспорттук каражаттарга күрөө кредиттери – 20 000 сомдон 300 000 сомго чейин.
  • Кыймылсыз мүлккө күрөө кредиттери – 20 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин.


Тагыраак мөөнөттөр жана суммалар ар бир кредит боюнча өз алдынча аныкталат.
Күйөөсүнүн же жубайынын макулдугу керекпи?
Кредитти алуу үчүн күйөөсүнүн же жубайынын макулдугу 50 000 сомдон жогору кредиттер боюнча гана талап кылынат.
Зайымды тариздөө үчүн дагы кандай документтер керек?
Сиз тандап алган кредиттен көз каранды болот.
Негизинен төмөнкүлөр керек:
  • Паспорттун көчүрмөсү жана туруктуу кирешени ырастаган документтер.
  • Жашаган жеринен маалым кат.
  • Күрөөгө укук белгилөөчү документтер.

Каалаган суроолор пайда болгон учурда, сиз биздин адистер менен төмөнкү телефон боюнча байланыша аласыз: +996 (500) 974 642
Кредитти төлөөнүн графиги кандай болот?
Ай сайын — аннуитет, кредитти берүүдө белгиленген графикке ылайык.
Зайымды кантип жабуу керек?
Төлөмдөрдү ар кандай ыкмалар менен төлөөгө болот:


Банк бөлүмдөрүндө

  • «KICB» банкынын кеңселеринде
  • «Бакай Банк» банкынын кеңселеринде
Маанилүү: Банкттын адисине МКК «Фольк» кредитин төлөө тууралуу билдирүү зарыл.


KIСB төлөм терминалдары аркылуу

Бишкекте бардык KIСB төлөм терминалдарынын даректери

  • Башкы менюдан «Финансылык кызматтар жана электрондук капчыктарды» тандап алыңыз
  • «МКК «Фольк» биздин логотиби бар баскычын басыңыз
  • Кредитти төлөө эсебин киргизгиле
  • Дайындары текшергиле
  • Төлөө суммасын киргизип, комиссия менен таанышып, төлөөнү ырастагыла
  • Төлөмдөр жуманын ар бир күнүндө кабыл алынат
  • Төлөмдү 17:00го чейин төлөө ушул күн менен, 17:00дон кийин кийинки жумушчу күн менен өтөт
Биз менен байланышыңыз Telegram WhatsApp Phone